Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Эл аралык ПЕН-клубдун президенти болуп чех жазуучусу шайланды

Белгилүү чех жазуучусу Иржи Груша кечээ күнү Мексикада эл аралык ПЕН-клубдун президенти болуп шайланды. ПЕН-клуб деп аталган Жазуучулардын эл аралык уюмун буга чейин мексикалык акын Гомеро Ариджис жетектеп келген. Груша азыр Чехиянын Австриядагы элчиси болуп иштейт, 1981-жылы ал Чехословакиядан саясий себептерден кууп чыгарылган.
XS
SM
MD
LG