Үч күндөн бери Молдовада элдик толкундоолор өтүп жатат, Митинг-демонстрациялардын катышуучулары - Маскөө тараптан даярдалган планга каршы чыгууда. Ал план боюнча, Молдова жана андан бөлүнүп өзүн өзү эгемендүү деп жарыялаган Днестр жумурияты федерацияга биригүүгө тийиш. Демонстранттар андай планды даярдоого катышкан Молдова жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылууда. Бирок президент Владимир Воронин федерация тууралуу келишимге кол коюудан 25-ноябрда баш тарткан.