Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Бишкек мэриясындагы мамлекеттик тилдин абалы текшерилди


БИШКЕК. Бүгүн президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын көчмө комиссиясы Бишкектин мэриясындагы мамлекеттик тилге байланыштуу чыгарылган мыйзам актыларынын аткарылышын текшере баштады. Комиссиянын мүчөлөрү «Мэрияда жана ага караштуу мекемелерде иш кагаздары кайсыл тилде жүргүзүлөт? Мэриянын кызматкерлери мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билишет?» деген суроолорго жооп издеп, мэрия мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө канча каражат бөлөөрүн жана ал кандайча колдонулаарын текшеришет. Текшерүүнүн соңунда кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү тууралуу 1999-жылы кабыл алган токтомунун аткарылышы боюнча атайын маалымат даярдалат. Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын долбоору быйыл декабрь айынын соңунда Мыйзам чыгаруу жыйынында каралат.

XS
SM
MD
LG