БИШКЕК. Журналисттердин кесиптик кошуунунун эки күндөн бери өтүп жаткан конференциясы өз ишин жыйынтыктады. Конференцияда кошуундун башкармалыгынын жылдык отчету угулду. Журналисттердин эмгек укуктарына жана кесиптик этикасына байланышкан маселелер талкууланды. Кошуундун мүчөлөрүнүн этикалык кодекси талкууланып, кабыл алынды. Кодекс 9 пункттан туруп, ал журналисттердин укук-милдеттерин аныктайт. Мындан тышкары, конференцияда журналисттик кошуундун эмгек боюнча укуктук инспекциясы тууралуу жобо кабыл алынды. Ага ылайык жети облуста жана Бишкек шаарында коомдук инспекторлор иштеп, алар журналисттердин эмгек укуктарынын аткарылышына байкоо жүргүзөт. Конференция Журналисттер федерациясынын демөөрү менен өтүп, ага бардык аймактардан өкүлдөр катышты.