Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:45

Юстиция министрлиги укук коргоочу талаш-тартыштуу уюмду кайрадан каттоодон өткөрдү


БИШКЕК. Кыргызстандын Юстиция министрлиги Болот Тыналиев жетектеген Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин кайра каттоодон өткөрүп, күбөлүк берди. Өздөрүн ушул комитеттин төрагасынын орун басарлары катары эсептешкен Мамасадык Жакишев менен Рыскелди Момбеков бүгүн ушундай маалымат беришти. Быйыл августта комитеттин Болот Тыналиев, Рыскелди Момбеков, Качкын Булатов баш болгон өкүлдөрү жыйын өткөрүшүп, уюмдун азыр Венада иш жүргүзгөн жетекчиси Рамазан Дырылдаевдин ордуна Болот Тыналиевди шайлашкан. Ал эми Рамазан Дырылдаев болсо Болот Тыналиев, Рыскелди Момбеков, Качкын Булатов комитеттин мүчөлүгүнөн мындан бир нече жыл илгери эле чыгарылганын айтып, алардын мындай жыйыны мыйзамсыз экендигин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG