Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Пакистан Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына чакан типография тартуулады


БИШКЕК. Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына Пакистан өкмөтү чакан басмакананы белекке берди. Бул тууралуу диний башкармалыктын өкүлдөрү бүгүн кабарлашты. Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, бул тартуу эки тараптуу кызматташтыктын чегинде ишке ашты. Типографиянын жалпы наркы - 23810 доллар. Ал негизинен маалымат каражаттарын, китеп түрүндөгү басылмаларды басып чыгарууга ылайыкталган. Буга чейин диний башкармалык «Ислам маданияты» гезитин, диний китептерди жана хадистерди «Учкун» концерни жана башка басмалар аркылуу чыгарып келген.

XS
SM
MD
LG