Федерациялар Кеңешине бүгүн жөнөткөн катында В.Путин Грузиянын аймагындагы 3000дей орус аскерлерин ал жердеги каршылаш тараптардын бири бейпилдик операцияларын токтотууну өтүнгөнчө калтырууну суранган. Абхазиядагы сепаратисттик күчтөр чөлкөмдөн Грузиянын өкмөттүк аскерлерин 1992-93-жылкы согушта сүрүп чыгарышкан. Кийинки жылы чөлкөмдө орус аскерлери жайгаштырылган. Орус армиясынын генералдык штабынын жетекчисинин 1-орун басары, генерал-полковник Юрий Балуевский ушул аптада Грузиядагы орус аскерлери ал жерде дагы кеминде он жыл болорун жарыялаган.
Орусиянын президенти сепаратисттик Абхазиядагы орус аскерлеринин бейпилдик миссиясынын мөөнөтүн узартууну сунуш кылды