Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Кытай Тайванда кабыл алынган жаңы мыйзамга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди


Ал мыйзам боюнча, Тайвандын калкы референдумдарда добуш берүү укугуна ээ болот. Кытайдын Тайван иштери боюнча мекемеси тараткан билдирүүдө Бээжин аталган мыйзамды сепаратисттик аракеттерди мыйзамдаштыруу максатында колдонууга каршы экени айтылат. Тайвандын парламенти кабыл алган мыйзамда Кытай менен мамилелерге байланыштуу, ошондой эле көз карандысыздык маселелерин референдумга алып чыгуу каралган. Бирок көз карандысыздык маселеси Кытай Тайванды күчкө салып өзүнө кошууга аракеттенсе гана көтөрүлөөрү белгиленген.

XS
SM
MD
LG