Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Грузия президенттигине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү узартылды


4-январда Грузияда өтө турган кезексиз президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтүн өлкө парламенти кечээ күнү дүйшөмбүгө чейин узартты. Азырынча беш талапкер катталган, оппозициянын атынан Михаил Саакашвили көрсөтүлгөн. 2-ноябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмалангандыктан, Тбилисиде 20 күн бою элдик толкундоолор болуп, акырында президент Эдуард Шеварднадзе кызматынан чегинди. Кечээ күнү өлкөнүн тышкы иштер министри жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы да кызматтарынан өз ыктыяры менен кетти.

XS
SM
MD
LG