НЕАПОЛЬ. Италияда Еврошаркетке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери уюмдун Конституциясынын долборун талкуулап жатышат. Чечимдерди кабыл алуудагы добуш берүүнүн эрежелери өлкөлөр ортосундагы негизги пикир келишпестик болуп кала берүүдө. Польша менен Испания негизги мыйзамда алардын ролу төмөн болуп көрсөтүлгөнүнө нааразы болуп, 2000чи жылы Ниццада кол койулган келиишмдин күчүндө калтырылышын талап кылышууда. Андан сырткаары Британия тышкы саясий чечимдерди кабыл алууда вето укугунун алынып ташталышына каршы. Кечээ Франция, Германия жана Британия Европада Бирдиктүү Коргоонуу күчтөрүн түзүү жана ал күчтөрдүн Нато менен кызматташуусу жөнүндө макулдашты. Ал макулдашуунун майда-чүйдөсү жөнүндө маалымдалбайт.