ТБИЛИСИ. Грузиянын Лейбористтик солчул партиясы шайлоого катыша турганын билдирди. Лейбористтик партия экинчи ноябрдагы парламенттик шайлоодо төртүнчү орунга чыккан болчу. Анын аралыгында, Грузия өлкөнүн автономиялары менен Москванын өз ара сүйлөшүүлөрүнө тынчсызданып жатканын билдирди. Президенттин милдетин аткарып жаткан Нино Буржанаде Москва андай сүйлөшүүлөр жөнүндө Тбилисини кабардар кылбаганын белгилеп, Москванын бул аракеттерин сындады. Ал эми Москвада Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Россия Грузиянын территориялык бүтүндүгүн колдой турганын, Россиянын негизги максаты- Грузияда стабилдүүлүктү сактап калуу экенин билдирүүдө. Иванов Грузиянын курамындагы Ажар автономиясынын башчысы Аслан Абашидзе, Абхазиянын өкмөт башчысы Рауль Хажимба жана Түштүк Осетиянын жетекчиси Эдуард Кокойта менен жабык эшик артында сүйлөштү. Түштүк Осетиянын лидери Кокойта ал жетектеген чөлкөм Россиянын курамына кирүүнү көздөп турганын билдирүүдө. Ал эми Абхазиянын өкмөт башчысы Хажимба анын жумурияты Грузиядан көз караандысыз экенин жана Грузиянын курамына эч качан кирбей турганын айтууда.