Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:39

Чегара кызматы коллегия өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын чегара кызматынын кезектеги коллегиясы өттү. Анда чегара кызматынын жыл ичинде аткарган иши талкууланды. Өзгөчө, кадр маселесине, укуктук-нормативдик негиздерге жана кызматчылардын социалдык жагдайына байланышкан маселелер кызуу талкууланды. Ушул эле отурумда келерки жылы аткарыла турган иштердин багыттары белгиленди. Бул тууралуу чегара кызматынын маалымат таратуу бөлүмүнөн кабарлашты. Чегара кызматы өткөн жылы 29-октябрда түзүлүп, анын башчылыгына Калмурат Садиев дайындалган.

XS
SM
MD
LG