Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Акыйкат башкаруу боюча улуттук кеңештин жумушчу органы жана кеңеш берүүчү жыйыны түзүлөт


БИШКЕК. Жакынкы күндөрү Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин жумушчу органы жана көзкарандысыз кеңеш берүүчү жыйыны түзүлөт. Кеңеш берүүчү жыйындын жумушчу органынын курамы тогуз адамдан туруп, анын бешөө Кыргызстандан, төртөө болсо эл аралык уюмдун өкүлдөрүнөн болот. Бул тууралуу өкмөт башчы Николай Танаев кечээ кечинде Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүү максатында үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде өткөн Коопсуздук кеңешинде түзүлгөн. Кеңештин төрагалыгына өкмөт башчы Николай Танаев, анын орун басары болуп вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана президенттик админстрациянын Коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков дайындалган.

XS
SM
MD
LG