Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму Юстиция министрлигин сотко берет


БИШКЕК. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму Юстиция министрлигин сотко берүүгө камданууда. Бул максатта азыр адвокаттар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн аталган уюмдун төрайымы Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, буга Юстиция министрлиги Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетин жаңы жетекчиси жана курамы менен кайрадан каттоодон өткөрүшү себеп болду. «Мындай кадамы менен Юстиция министрлиги бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү максат кылууда. Мындайды өнөкөткө айландырбаш үчүн биз Юстиция министрлигинин мыйзамсыз кадамын сотто териштиргибиз келет», дейт Төлөкан Исмаилова. Рамазан Дырылдаев башында турган Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитети кайрадан каттоодон өткөндүгүн жана анын жетекчиси эми Болот Тыналиев болгондугу тууралуу маалыматты кечээ Болот Тыналиевдин өзү тараткан болчу.

XS
SM
MD
LG