БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстандын ички дүң продуктысы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 6% жогорулады. Ошондой эле, соңку 10 айда өлкөдө 2002-жылдын ушул учуруна караганда өнөр жай продукциясы 15% көп өндүрүлгөн. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистикалык комитети тараткан маалыматта айтылат. Кыргызстандын оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, аткаруу бийлиги экономикалык өсүш бар дегени менен карапайым элдин жашоосу жакшырбай, күндөн-күнгө начарлоодо.