ОШ. Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын (КДКП) Оштогу бөлүмү Аскар Акаевди дагы 7 жыл иштеп бөрүүсүн өтүнгөн кайрылуу менен чыкты. Анда Аскар Акаевдин улуттук валютаны киргизүүдө, менчиктештирүүнү жүргүзүүдө, саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууда жана бир катар тарыхый инсандардын мааракелерин өткөрүүдө жасаган эмгектери белгиленген. «Элибиздин өтүнүч - суроосуна туура мамиле жасап, дагы бир 7 жылдык мөөнөткө кайра шайланууга макулдугуңузду берүүңүздү суранабыз», деп айтылган кайрылууда.