Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Норвегия Кыргызстанга 1,5 миллион евро жардам берет


БИШКЕК. Норвегия өкмөтү Кыргызстандын айыл-кыштактарында жашаган аялдарга жардам катары 1 млн. евро жана Ички иштер министрлигин реформалоого арналган ЕККУнун программасынын алкагында 500 миң евро өлчөмүндө жардам берет. Мындай чечим президент Аскар Акаев менен Норвегиянын өкмөт башчысы Кьелл Магне Бондевиктин жолугушуусу учурунда кабыл алынды. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоо боюнча пикир алмашуу болду. Президент Аскар Акаев өз сөзүндө Кыргызстанда өлүм жазасына киргизилген мораторийдин мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу маселесин карап көрүүгө убада кылды. Жолугушуунун соңунда эки тараптуу кызматташууну чыңдоо тууралуу билдирүү кабыл алынды. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 29 - ноябрда Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясынын АКШ болгон жумушчу сапары башталды.

XS
SM
MD
LG