Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Пакистан индиялык учактар үчүн өзүнүн аба мейкиндигин ачат


Бул тууралуу эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарды калыбына келтирүү боюнча Делиде сүйлөшүүлөр өтөөр алдында жарыяланды. Пакистан президенти Первез Мушарафтын айтымында бул – жакшы санаалаштыктын белгиси. Аба каттамдары акыркы ирэт 2001-жылдын декабрында, Индия парламентине куралдуу кол салуу жасалгандан кийин токтотулган. Ушул аптанын башында Кашмирдеги чек ара тилкесинде Индия жана Пакистан аскерлеринин ортосунда ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуу да күчүнө кирди. Бирок ага карабай, адам өмүрүн алган чатактар уланууда. Маселен кечээтен бери эле Кашмирде киши колдуу болуп беш адам каза тапты. Индия Исламабадды Кашмирдеги жикчилерге колдоо көргөзгөнү үчүн айыптап жүрөт.

XS
SM
MD
LG