Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Бүрсүгүнү Бишкекте киши сатыкка каршы күрөшкө арналган эл аралык конференция өтөт


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Бишкекте киши сатыкка каршы күрөш боюнча эки күндүк регионалдык конференция башталат. Бул эл аралык жыйында Борбор Азия өлкөлөрүндө киши сатууга байланышкан маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланат. Эл аралык конференция Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун «Киши сатыкка кабылгандарга жардам көрсөтүү» долбоорунун алкагында өтөт. Бул долбоор Швециянын Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча эл аралык агенттиги тарабынан каржыланат. Конференцияга Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Украина менен Орусиянын ички иштер министрликтеринин, улуттук коопсуздук, чегара кызматтарынын, миграциялык жана консулдук кызматтарынын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышат.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG