Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

«КДК партиясынын Оштогу бөлүмүнүн кайрылуусу мыйзамсыз», деп билдирди анын жетекчилеринин бири


БИШКЕК. «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын Ош облусу боюнча бөлүмүнүн президент А. Акаевдин дагы 7 жыл мөөнөткө өлкө башчысы болуп иштеп берүүсүн өтүнгөн кайрылуусу мыйзамсыз. Партиянын жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев бүгүн «Азаттыкка» ушундай пикирин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык партиянын регионалдык бөлүмү мамлекеттик деңгээлдеги саясий билдирүүлөрдү, кайрылууларды партиянын саясий кеңешинде каралмайынча кабыл алууга укугу жок. Партиянын облустагы бөлүмүнүн мындай кадамы КДК партиясынын уставына да тикеден-тике каршы келет. Жыпар Жекшеев маалымдагандай, КДК партиясынын Оштогу бөлүмүнүн көпчүлүк активисттери менен мүчөлөрү ага мындай кайрылуу жөнүндө кабардар эмес экендигин билдиришти. Анын пикиринде, партиянын бийликке өтө эле көз каранды болуп калган айрым мүчөлөрү өз жеке кызыкчылыктары үчүн кошомат кылып жатышат. КДК партиясынын Ош облусу боюнча координатору - ишкер Аманбай Сатыбаев. Ал эми республикадагы бийликти ачык колдогон бир катар саясий партиялар «КДКнын Оштогу бөлүмүнүн 29-октябрдагы кайрылуусу мыйзам чегинде жасалды» деген пикирлерин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG