Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:52

Кыргыз президенти белекке алып келген тайгандарды Норвегия кабыл алуудан баш тартты


Норвегиянын бийликтери билдиргендей, Аскар Акаев алып келген тайгандарды Ослонун Трондхайм аба бекетинен өткөрбөй коюшту. Норвегияда жаныбарларды алып келүүгө катуу чектөөлөр коюлган.
Ал аз келгенсип, Норвегиянын өкмөт башчысы Кйел Магне Бондевик жана падыша Харалд жашы бир айдан жаңы ашкан күчүктөрдү белекке алуудан баш тартышты. Кыргыз президенти алып келген тайгандар өтө сейрек кездешет, азыр дүйнөдө алардын 100 чактысы гана калган.
Норвегиянын бийликтери азыр тайгандарды кайда жайгаштыруунун айласын издеп жатышат.

XS
SM
MD
LG