Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:23

Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча Борбор Азияда алдыда


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын эл аралык иликтөөлөр жана маалымат алмашуу кеңеши Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын абалына арналган семинар өткөрдү. Анда сөз эркиндигинин Кыргызстандагы абалы талкууга алынды. 2002-жылдагы иликтөө боюнча Кыргызстан мурдагы советтик республикалардын ичинен басма сөз каражаттары эркин өлкө деп бааланган. Ал эми быйылкы байкоо боюнча Кыргызстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу басма сөзү эркин деп табылган. Бирок, саясий кысымдан улам журналисттердин өзүн-өзү цензурага алышы бар. Куугунтуктоолор, коркутуулар да күч алган. «Журналист» коомдук бирикмесинин төрагасы Кубан Мамбеталиевдин айтымында, быйыл 23 жолу коркутуп-үркүтүүлөр болду. Андайга дуушар болгон журналисттердин бири Эрнист Назаловдун кандай жагдайда көз жумганы белгисиз. Андан тышкары, Кыргызстанда көз карандысыз маалымат каражаттарына экономикалык бөгөт коюулар күч алган.

XS
SM
MD
LG