БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев бүгүн Норвегиядагы расмий визитин аяктап, Нью-Йоркко барды. Президенттин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, бүгүн Аскар Акаев анын «Улуу Жибек жолу доктринасы» аттуу китебин басып чыгарган Global Scholarly Publications аттуу басмакананын директору, профессор Морведж менен жолугушту. Андан кийин Акаевге АКШнын эл аралык стратегиялык изилдөөлөр ассоциациясынын «Алтын медалы» тапшырылды. Ал мындай сыйлыкка Кыргызстандын калыптануусуна таасир берген жетекчилиги үчүн татыктуу болду. Кыргыз президенти ушул эле күнү Дүйнөлүк банктын президенти Жеймс Вульфенсондун ишмердигине арналган иш-чарага катышып, Вульфенсон менен пикир алышты. Андан соң АКШнын билим берүү боюнча АКСЕЛС уюмунун президенти менен жолугушту. Акаев андан кийин Монтана штатына сапар алды жана ал жактан Кыргызстанга 3-декабрда кайтат.