БИШКЕК. 1-декабрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитетинин кеңейтилген отуруму өтүп, ага премьер-министр Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышты. Отурумда 2004-жылдагы республикалык бюджеттин долбоору каралып, аны Эл өкүлдөр жыйынынын 2-декабрда баштала турган сессиясынын күн тартибине киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды. Депутаттардын сунушу менен бюджеттин киреше бөлүгү 109 млн. сомго, чыгашасы 284 млн. сомго көбөйтүлгөнү жыйында маалымдалды. Натыйжада, келерки жылдын республикалык бюджетинин кирешеси 14 млрд. 216 млн. сом, чыгашасы 14 млрд. 952 млн. сом, ал эми дефицити 736 млн. сом болду. Бюджеттин мындай долбоору сессиянын кароосуна коюлат.