Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

«Рентон групптун» аманатчылары пикетке чыгышты


БИШКЕК. «Рентон групп» компаниясына акчасын алдатып жиберген миңге чукул атуул бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыгышты. Алар акчаны кайтарып берүү ишине өкмөттүн кийлигишүүсүн талап кылышууда. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Рентон групптун» маселесин карап, чатакка түздөн-түз тиешеси бар мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилерин укту. Улуттук банк төрагасынын орун басары Каныш Шаршекеева пикетчилер акчасын банктарга алдатпагандан кийин, аманатчы болуп эсептелбестигин, алар компанияга акчасын инвестор катары өз каалоолору менен бергендигин билдирди. «Улуттук банктын бул чатакка эч кандай тиешеси жок», - деди Каныш Шаршекеева айым. Ал эми өкмөт алдындагы баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Уран Абдынасыров «Рентон групп» векселдерди чыгарып жатканда анын кудуреттүүлүгүн тастыктаган документтери болгондугун билдирди. Ал эми «Рентон групптун» аманатчыларынын төрайымы Татьяна Дагазиева пикетке чыккандардын талаптары аткарылбаса, алар өкмөттү сотко беришерин кабарлады. Палата бул чатак боюнча талкууну эртең улантат.

XS
SM
MD
LG