Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:52

СПИДге каршы күрөш күнү Чүй облусунда да белгиленди


ТОКМОК. СПИДге байланыштуу жыйынга Токмок шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери жана мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышты. Чүй облустук мамлекеттик администрациясы уюштурган бул жыйында шаардагы СПИД менен күрөшүү борборунун, облустук санитардык эпидемиологиялык борбордун жана облустук маданият башкармалыгынын өкүлдөрү жаштарга кеп-кеңештерин айтышты. Облустук санитардык эпидемиология башкармалыгынын жетекчиси Төлөн Исаковдун айтымында, азыркы күндө Чүй облусу боюнча алты адамдан СПИД оорусунун белгилери табылган. Алардын бирөө СПИД менен ооруй турганы аныкталып, учурда катуу көзөмөлдө.

XS
SM
MD
LG