БИШКЕК. Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн 482 киши катталган. Бирок Бириккен Улуттар Уюмунун СПИД боюнча адистеринин эсебинде, ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөрдүн саны 10 эсеге көп. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн жыйында айтылды. «СПИД» бирикмесинин башчысы Борис Шапиронун маалыматына караганда, кыргыз өкмөтү СПИД илдетине каршы күрөш үчүн жылына 100 миң доллар бөлөт. Бирок бул дартка каршы күрөш боюнча мамлекеттик программаны аткаруу үчүн 5 млн. доллар керек. ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн кыргыз жарандарынын 83% ашууну баңгилер. Алар бул ооруну ийнеден жуктуруп алышкан. Адистердин пикиринде, Кыргызстанда СПИД илдетинин жайылып кетүү коркунучу сакталууда.