БИШКЕК. Бүгүн «1-декабрь - СПИД илдетине каршы күрөш күнү» Кыргызстанда да белгиленди. Бишкектеги «Пинара» мейманканасында «Кыргызстандын ислам лидерлери жана диниятчылары СПИДге каршы» деген темада улуттук биринчи конференция өттү. Ага 1-вице премьер-министр Курманбек Осмонов, өкмөт алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын жана Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Жыйында СПИД илдетине каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын айланасында сөз жүрдү. «Пинарадагы» конференция СПИД илдетинен набыт болгон (дүйнө жүзү боюнча) 20 млн. кишинин арбагына куран окуу менен башталды.