Илхам Алиев кечээ АКШнын элчиси Рено Харништи кабыл алып, терроризмге каршы согушта Азербайжан АКШнын союздашы бойдон калат деди.
Азери өкмөтү АКШ баштаган Ирак согушуна колдоо билдирип, Иракты стабилдештирүүгө аскер жиберген. Анын аралыгында, октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин кармалган 100 чакты демонстрант ачкачылык жарыялашты. Аларга Мусават жана Үмүт партиясынын боштондуктагы беш мүчөсү кошулганын кармалгандардын укугун коргоо комитетинин жетекчиси Вагиф Хажбейли «Азаттыкка» билдирди.