Ооганстандын түндүгүндө аракеттенген жана бир-бири менен согушкан генерал Абдул Рашид Достум менен Атта Мухаммеддин аскерлери бүгүн өкмөт өкүлдөрүнө өз куралдарын тапшырып берди. Эки аскербашынын ортосундагы келишим британиялык аскерлердин ортомчулугу менен түзүлдү. Урузган провинциясындагы америкалык аскерий базанын жанында болсо кечээ күнү куралдуу кагылышуу орун алып, бир өкмөттүк аскер курман болду.