Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Армения парламентинде 1999-жылы болгон окуя үчүн бүгүн беш адам соттолду


Армения соту бүгүн 1999-жылдын октябрындагы окуялар боюнча өкүм чыгарды. Автоматтар менен парламент имаратына кирип, сессияда отурган депутаттарга ок атып, сегиз адамды өлтүргөн беш кылмышкер өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылууга кесилди, алардын айдоочусу 14 жылдык абак мөөнөтүн алды. Өлкөнү туура эмес башкарып жатат деп, кылмышкерлер спикер Карен Демирчянды, премьер-министр Вазген Саркисянды, спикердин эки орун басарын, өзгөчө кырдаалдар боюнча министрди жана дагы үч депутатты атып өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG