АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бүгүн Маастрихт шаарындагы жыйын учурунда Орусиянын Молдовадагы саясатын сынга алды. 1999-жылы Ыстамбулда өткөн жыйында Молдовадагы аскерлерин Орусия 2002-жылдын аягына чейин чыгарып кетүүгө убада берген, кийин ал мөөнөт 2003-жылдын 31-декабрына чейин жылдырылган. Жакында болсо Маскөө өз аскерлерин 2020-жылга чейин калтыра турганын билдирди жана аны уккан Молдова эли көп күндөн бери митинг-демонстрация өткөрүүдө. Молдованын курамында Днестр жумурияты жарыяланган, бирок аны эч ким тааный элек.