Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Баткен облусу электр энергиясына 201 млн. сом карыз


БАТКЕН. 2-декабрда облустук акимчиликтин коллегиясы өтүп, анда электр энергиясы үчүн карыздарды жыйноо ѳтѳ эле солгун жүрүп жатканы белгиленди. Ушул жылдын 1-октябрына карата облус электр энергияга 201 млн. 583 миң сом карыз. Бийлик тарабынан бул карызды жыл аягына чейин 104 млн. сомго чейин азайтуу милдети коюлган. Ал эми ѳткѳн эки ай ичинде болгону 18 млн. сом гана чогулган. Жыйында ѳзгѳчѳ Кадамжай сурьма, Айдаркен сымап комбинаттары сыяктуу ири ишканалардын чоң ѳлчѳмдѳгү карыздарын ѳндүрүү кыйын болуп жатканы, маселени чечүүнү сот аркылуу тездетүү зарылдыгы, такталбаган карыздарды жокко чыгаруу керектиги айтылды.


Кабарлар топтомун Бишкектен Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG