Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Элетте «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамдын долбоору талкууланды


НАРЫН. 2-декабрда «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын Нарындагы өкүлчүлүгү «тегерек үстөл» жыйынын өткөрдү. Талкуу учурунда партиялардын элеттеги өкүлдөрүнүн мамлекеттик деңгээлдеги жыйындарга катышуу укугу чектелип калгандыгы белгиленди. Мындай пикирди «Кыргызстан коммунисттик» партиясынын Нарын шаардык уюмунун жетекчиси Мурат Ассакунов билдирди. Анын айтымында, президент Аскар Акаевдин Теңиртоо жергесине октябрь айында келгенде өткөн жыйынга нарындык коммунисттер кирбей, сыртта калган. Ушундан улам мыйзам долбоорунун экинчи беренесине коммунисттер «саясий партиялардын жергиликтүү өкүлдөрү жыйындарга катышууга укуктуу» деген сунушту кошумча катары киргизди.

XS
SM
MD
LG