Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

А.Акаев Словакияга барат


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев быйыл 7-9-декабрда Словакия республикасына ырасмий сапар менен барат. Мындай маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. Сапар учурунда Кыргызстан менен Словакиянын ортосунда саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташууну өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлат. Андан тышкары, Аскар Акаевге Словакиянын «Биринчи даражадагы ак кош чырымы» ордени тапшырылып, Тренчин шаарындагы Александер Дубчек атындагы университеттин ардактуу профессорлук наамы ыйгарылат.

XS
SM
MD
LG