Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Бишкек жакшы жылытылбай жатат


БИШКЕК. Бишкек мэринин орун басары Эмилбек Абдыкадыровдун 2-декабрдагы билдирүүсүнө караганда, борбордогу үйлөргө талап кылынган деңгээлде Бишкек ТЭЦинен жылуулук берилбей жатат. Маселен, норма боюнча үйлөргө 70-75 градус ысыктыктагы жылуу суу берилиши керек болсо, учурда ал болгону 56 градуска жетүүдө. «Ошондуктан шаардыктар жылуулук алганына жараша төлөш керек», деп билдирди Абдыкадыров. Ал эми Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Акылбек Түмөнбаев «ТЭЦ отунду үнөмдөйм деп жылуулукту жакшы бербей жатышы мүмкүн» деген оюн билдирди.

XS
SM
MD
LG