БИШКЕК. Банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу боюнча агенттиктин (DEBRA) деректеринин орун басары Талант Мамытов Жогорку Кеңештин депутаттарынын ««Рентон групп» компаниясы 2000-жылы эле Европа өнүктүрүү банкынан алган кредитин төлөй албай калганда DEBRA аны кудуретсиз деп жарыялашы керек эле» дегенин четке какты. АКИ-пресс агенттигине түшүндүрмө берген Талант Мамытовдун сөзүнө караганда, «Рентон группту» 2000-жылы эле кудуретсиз деп жарыялап салганда, ал Европа банкынан алган кредитин толук төлөй албай калмак. Талант Мамытовдун айтымында, «Рентонгрупп» Европа банкынын кредити боюнча DEBRAга 2 млн. доллар карыз болчу. Агенттик ошол себептен карыздарды жоюу боюнча сүйлөшүүлөрдү Улуттук банк менен, жана ошондой эле, Каржы министрлиги менен жүргүзүп келген.