Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Бириккен Улуттар уюму Орусия Киото протоколуна кол коёт деп үмүттөнөт


БУУнун өкүлү Майкл Уиллиамс Орусиянын бул маселеде ыргылжың позицияны ээлегенин билдирди. Ал эми президент Путиндин экономикалык кеңешчиси Андрей Илларионов протокол өлкөнүн өсүшүнө кедерги болот деп ырастады:
- Киото протоколу азыркы турушунда ратификацияланса, Орусиянын экономикалык өсүшүнө олуттуу чектөө коёт. Ошондуктан, албетте, азыркы түрүчдө бул протоколду ратификациялоого болбойт.
Киото протоколунда өнөр-жай ишканаларынан, автомашиналардан жана глобалдык атмосфераны ысытуучу башка булактардан жылуулук газдардын бөлүнүшүн азайтуу каралган. Эгер Орусия кошулбаса, анда протокол күчүнө кирбей калат.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Жаңыл Жусубжан кызы

XS
SM
MD
LG