Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Литванын парламенти президентти уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бар деп ырастаган отчетту жактырды


Депутаттар ошондой эле отставкага кетүүдөн баш тарткан Роланд Паксаска импичмент жарыялоо процессин башташты. Паксастын ишин иликтеген комитеттин төрагасы Алойзас Сакалас мындай деди:
- Комитеттин бүтүмүнө ылайык, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирилген. Президент Паксас тышкы күчтөрдүн жетегинде жана таасиринде калса, бул коркунуч да сакталып калат.
Ал эми сыналгыдан жана үналгыдан жасаган жалпы улуттук кайрылуусунда Паксас "оппоненттерим мени моралдык жана саясий кысымга алып жатат" деп ырастады:
- Далили жок жалган жалаа жаап, тергөөнү өз билгениндей жүргүзүп, убактылуу парламенттик комиссия мени эптеп иштен четтеттүүнүн гана айла-амалын издеп жаткандыгын далилдеди.

XS
SM
MD
LG