Маскөөнү колдогон чечен администрациясы кабарлагандай, соңку 24 саат ичинде мина жарылып жана мындан тышкары сепаратисттер менен кагылышууларда 8 жоокер өлүп, 11 жоокер жараат алды. Ушул эле булакка ылайык, орус аскерлери Чеченстандын түштүгүн аткылап, жикчилер менен кызматташканы шектелген 180 чакты кишини камакка алышты.