Голландияда Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйыны жаңы аяктады. Анда Орусиянын тышкы иштер министринин өкүлү Грузиядан жана Молдовадан орус аскерлери 2001-жылы чыгарылганын белгилеп, "эки тараптуу башка келишимдердин негизинде жайгаштырылган калган курал-жаракты мерчемдүү убагы келгенде алып кетебиз" деди. EККУнун жетекчилиги калган 54 өлкөнүн бири да Орусиянын позициясын колдобогонун чагылдырган билдирүүсүн жарыялады.