Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Молдованын президенти АКШнын Днестр аймагында эл аралык стабилдештирүү күчтөрүн жайгаштыруу сунушуна колдоо билдирди


Владимир Воронин Кишиневдогу бүгүнкү басма сөз жыйынында төмөнкүлөрдү белгиледи:
- Бул идеянын үстүнөн дагы иштөө керек. Балким, орусиялык аскерлер менен курал жаракты Днестр аймагынан эвакуациялоо ушундан кийин толук аяктайт.
Ошол эле учурда молдова лидери эл аралык стабилдештирүү күчтөрү көбүнесе орусиялык жоокерлерден куралышы мүмкүн экенин да жокко чыгарбады.
Учурда Днестр аймагында Орусиянын 2500дөй жоокери ири өлчөмдөгү аскерий жабдуулары менен кошо турууда. АКШ Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кечээ ЕККУнун жыйынында Орусияны Днестр боюнан аскерлерин алып кетүүгө чакырып, бул жерде эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу зарылдыгын белгилеген. Молдованын президенти өткөн аптада Орусия сунуш кылган планга кол коюудан баш тарткан эле. Расмий Кишиневдун пикиринде, анда Днестр аймагына кеңири автономия берүү каралгандыктан, ал акыр аягында Молдованын курамынан чыгып кетиши да мүмкүн. Планга молдован оппозициясы да каршы болгон.

XS
SM
MD
LG