Маселен, орус президенти Владимир Путин өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында, массалык кыргын салуучу куралдардын таралуусуна жол бербөө үчүн эл аралык иш чаралар азыркыдан да натыйжалуу болуш керектигин белгиледи. Путиндин айтымында, эл аралык коомчулук алигиче мунун ар тараптуу жана иштиктүү механизмдерин таба элек. Ал эми Кытай бул жаатта бүгүн жарыялаган документте өзөктүк куралдардын жайылтылышын алдын алуучу механизмдер адилет жана демократиялуу экенин кепилдөө үчүн көп өлкөлөрдүн бирге иштөө зарылдыгы айтылган.
Орусия жана Кытай массалык кыргын салуучу куралдар жайылтылуусуна жол бербөө үчүн натыйжалуу ыкмаларды колдоого даяр