Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:14

АКШнын делегациясы Грузияда жүрөт, Ажариянын башчысы президенттик шайлоонун мөөнөтү артка жылдырылышы керек деп эсептейт


Тбилисиге келген америкалык расмий делегация Грузиянын утурумдук бийликтери менен 4-январдагы кезексиз президенттик, 25-январдагы парламенттик шайлоону өткөрүүгө АКШ кандай жардам бере алаары жөнүндөгү маселени талкуулоодо. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу мамилелер, Грузиядагы саясий , экономикалык реформалардын келечеги да каралмакчы.
Эгер 4-январга белгиленген президенттик шайлоонун убактысы өзгөртүлбөсө, Ажария добуш берүүгө катышпайт. Бул тууралуу бүгүн Москвада өткөн басма сөз жыйынында Грузиянын курамындагы Ажар автономиясынын лидери Аслан Абашидзе билдирди:
- Жогорку деңгээлдеги шайлоо мынчалык кыска убакыттын аралыгында өткөрүлбөйт. Ага жакшылап даярданыш керек. Эгер биз дагы бир фарсты көргүбүз келсе, анда мейли. Шайлоонун убактысы артка жылдырылбаса, биз ага катышпайбыз.
Мурдараак Грузия президенттигине талапкерлердин бири Михаил Саакашвили утурумдук өкмөт Абашидзенин пикирин эске алышы керектигин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG