Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Жалалабадда шарп ылаңы күчөдү


ЖАЛАЛАБАД. Аксы, Алабука, Ноокен, Базаркоргон жана Сузак райондорундагы малдын көбү шарп менен ооруп жатат. Малдоктурлар 311 уйду гана оорулуу деп катташкан. Ылаң Өзбекстандан менен Ош, Баткен облустарынан аба жана суу аркылуу жуккан деген божомол бар. Облустагы 163 миң баш ири мүйүздү малдын 30% ооруп жатат деген пикирлер да айтылууда. Коңшу өлкө менен чектешкен чегара бекеттеринде ветеринардык текшерүү күчөтүлдү. Аталган райондордогу мал базарлар эки аптага жабылды. Ооруну алдын-алуу үчүн бөлүнгөн 40 миң вакцина акысыз таркатылды.

XS
SM
MD
LG