БИШКЕК. 3-декабрда Азербайжандын борбору Баку шаарында Борбор Азияда баңгизаттарга көзөмөл жүргүзүү боюнча аймактык кызматташуу меморандумунун бешинчи жыйыны башталды. Ага Кыргызстандан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Аскарбек Мамеев, Баңгизаттарга көзөмөл жүргүзүү боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Курманбек Кубатбеков катышууда. Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Ага хан фонду жана БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы кол койгон меморандумдун алкагындагы жолугушууда баңгизаттар менен күрөшүүнүн маселелери талкууланат. Бул тууралуу шаршемби күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.