Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Парламент Курманжан Датканын эстелигин кайда орнотуу маселесин карады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Билим берүү, маданият жана илим боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда Курманжан Датканын эстелигин Бишкектин кайсы жерине коюу керек деген маселе талкууланды. Депутаттар Курманжан Датка атындагы жана Таттыбүбү Турсунбаева атындагы фонддордун өкүлдөрүнүн тирешүүсүнүн жаралышына өкмөт күнөөлүү дешти. Жыйындын катышуучулары Курманжан датканын айкелин Эркиндик гүлбагындагы мурда «Эркиндик статуясы» турган жерге орнотууну сунуш кылышты. Талкууга катышкан 1-вице премьер-министр Курманбек Осмонов айкел үчүн орун талашууну түндүк-түштүк маселесине айландыруу жарабастыгын белгиледи.
Айта кетүү керек, өкмөт Курманжан Датканын айкелин Таттыбүбү Турсунбаева атындагы Кыргыз драма театрынын алдындагы аянтка коюу тууралуу чечим кабыл алган. Буга Таттыбүбү Турсунбаева атындагы фонддун өкүлдөрү каршы чыгышкан.

XS
SM
MD
LG