Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:19

Кыргызстанда майыптардын эл аралык күнү белгиленди


КАРАКОЛ. Жыл сайын 3-декабрда белгиленүүчү майыптардын эл аралык күнүнө карата Ысыккөл облусунда иш-чаралар өттү. Акыркы маалыматтарга караганда, облус боюнча учурда 3985 майыптар бар. Алардын арасында 16 жашка чейинки балдар - 1870. Облус губернатору Эмилбек Анапияев бул күнү Каракол шаарындагы 2 майыпка коляска берип, жылуу сөзүн айтты. Ушул эле күнү Каракол шаарынын мэриясы 200 майыптын ар бирине баасы 100 сомдук белек-бечкектерди таратты. Мындай иш-чаралар облустун бардык айыл өкмөттөрүндө өтүп, сый тамактар уюштурулду. Жетекчилердин мындай камкордугуна ыраазы болушкан майыптар «бизге 3-декабрда эле эмес, дайыма көңүл бурулса» деген пикирлерин айтышты.
НАРЫН. Тоолуу Нарындын шаардык бийлиги 400 майыпка 20 миң сом таратты. Мындан тышкары, эл аралык уюмдар 16 жашка чейинки майып балдардын сүрөт конкурсун, кол өнөрчүлөрдүн жарманкесин уюштурду. Мындай саамалык Улуу Британиянын балдарды коргоо эл аралык фондунун Нарындагы ресурстук борбору тарабынан жүзөгө ашырылды. Облустук социалдык жактан коргоо башкармалыгы берген маалымат боюнча, бүгүнкү күндө облуста 4380 майып бар. Алардын 3520сы бала кезинен оорукчал.

XS
SM
MD
LG