БИШКЕК. ««Ар-намыс» партиясынын абакта жаткан лидери Феликс Куловдун ишине байланыштуу коомдук угууларды өткөрүүгө имарат берилбей жатат. Ошого байланыштуу талкууну Интернетте баштайбыз. Бул үчүн коомдук комиссиянын 20 кишиден турган мүчөлөрүнө тийиштүү материалдарды тапшырып бергенбиз», - деп билдирди 3-декабрда «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев. Анын айтымында, Грузиядагы окуялардан кийин кыргыз бийлиги коопсуздугун көбүрөөк ойлоп, элдин ар бир кыймылынан чочулай баштады. «Бизге имарат берилбей жатышынын себеби да ушунда», дейт Эмил Алиев.
«Ар-намыс» партиясы өткөн аптадан бери «Атуулдук коом коорупцияга каршы» бейөкмөт уюму менен бирге оппозиция лидери Феликс Куловдун ишине байланыштуу коомдук угууларды өткөрүүнү болжоп келген.
«Ар-намыс» партиясы өткөн аптадан бери «Атуулдук коом коорупцияга каршы» бейөкмөт уюму менен бирге оппозиция лидери Феликс Куловдун ишине байланыштуу коомдук угууларды өткөрүүнү болжоп келген.