Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:35

«Дело №» гезити эркин басмаканадан чыгуудан баш тартты


БИШКЕК. «Дело №» гезити шаршембиден тартып кайрадан «Учкун» басмаканасынан чыга баштады. «ММКны колдоо борбору» фондунун басмаканасында чыккан гезиттин сапаты начар болуп калды. Кызмат көрсөтүүнүн баасы да кымбат, ошого байланыштуу «Учкунга» кайра келүүгө мажбур болдук», - деп билдирди гезиттин башкы редактору Виктор Запольский. Анын айтымында, эркин басмаканада типографиялык кызматтын акысы «Учкунга» салыштырмалуу дээрлик бир жарым эсеге кымбат. Андан сырткары басылган гезитти почта аркылуу таратуу иштери да жолго коюлган эмес. Эркин басмакананын башкы деректири Рамиль Зиянгараевдин билдирүүсүнө караганда, боёктордун кымбаттыгына байланыштуу түстүү гезиттерге типографиялык кызматтын акысы кымбат болууда.
АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен быйыл 14-ноябрда ачылган эркин басмаканада «МСН», «Лица», «Республика» гезиттери чыгууда.

XS
SM
MD
LG